Site icon Reporter.kg

Жөн тургундар үчүн электр кымбаттабайт (Түшүндүрмө)

«2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомго ылайык, эл үчүн бир киловатт-саат электр энергиясынын баасы 0,77 сом бойдон калаарын Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

Буга чейин министрдин орун басары Тилек Айталиев быйылкы жылдын октябрь айынан тарта электр энергиясын жаңы тариф менен жашоо-тиричилик эмес, өнөр жай үчүн колдонгон абоненттер төлөй башташы мүмкүн экенин айтканын кошумчалашты.

“2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, эл үчүн бирдей баа — бир киловатт-сааты 1,09 сом болмок. Бирок, коомдук талкуу учурунда көптөгөн сунуш-пикирлер түшүп, көпчүлүгү быйыл электр жарыгын кымбаттатпоону өтүнгөн.

Мындан улам сунуштарды эске алуу менен долбоор кайрадан иштелип чыкты:

2022-жылдан тарта акыркы керектөөчүгө тарифтерди өткөн жылдагы инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүп туруу сунушталууда.

Exit mobile version