Site icon Reporter.kg

Жоокердин ѳлүмү. Аскер бөлүктүн жетекчиси камакка алынды

Аскердик институтта каза болгон жоокер Сыргак Сабырбековдун өлүмүнө боюнча аталган аскер бөлүктүн кароол жетекчиси Бишкек гарнизонуна камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, ага карата  Кылмыш жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) жана  394-беренеси (“Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу”) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда Аскер прокуратурасы териштирүү ишин улантууда.

18-августта Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүргөн Сыргак Сабырбеков октон каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер  күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан бергенин билдирген. Макул былтыр күзүндө Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылганы белгилүү болгон.

19-август күнү кечинде президент Садыр Жапаров буйругу менен, жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы бир айдан бери төрт аскер кызматкеринин өлүмү катталды. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version