Жоокерлердин кургак учук жугузуусу Тогуз-Торо аскер бөлүмүнөн башталган

Жоокерлердин кургак учук жугузуусу Тогуз-Торо аскер бөлүмүнөн башталган

Жоокерлердин кургак учук жугузуусу Тогуз-Торо аскер бөлүмүнөн башталган. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеште коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев билдирди.

Анын айтымында, Тогуз-Торо аскер бөлүмүнөн кароо жүргүзгөндө шалаакылык кылган.

“Кургак учук кызматка чакырылган жоокерден жуккан. Учурда 29 жоокерден илдет табылган. Аскер прокуратурасы жооптуларды таптык. Жоокерлердин кургак учук жугузуусу Тогуз-Торо аскер бөлүмүнөн башталган”, — деди Кирешеев.

Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 11 аскер кургак учук жугузуп алганы айтылган. Андан соң алардын саны 26га жеткени кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>