Site icon Reporter.kg

Жоокерлердин өлүмү: Министр кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты — видео

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Куралдуу күчтөр кызматында жоокерлердин өз жанын кыйган фактылар боюнча талкуу жүрдү.

Ушул жылдын 18-августунда Аскердик институтта аскерге чакырылган 2003-жылы туулган жоокер Сыргак Сабырбеков өзүн атып каза болгон. Ал Каракол шаардык аскер комиссариаты тарабынан чакырылган.

Жыйында Асланбек Малиев аталган жоокердин апасы ага кайрылганын айтып, өлүмдүн чоо-жайын сурады.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов аскер институнда болгон окуя боюнча толугураак маалымат берди.

Аскер кызматын өтөп бүтөөрүнө эки ай калганда постто турган жеринде өзүнө өзү ок аткан. Анын себептерин айтып берейин: ал кызматын аяктап үйүнө кетээр алдында (демобилизация) туугандарынан жаңы форма алам деп  2500 сом сурайт. Бир тууганы акчам жок деп 500 сом берет. Дагы башка бир тууганынан акча сураса, акча жок дейт. Ошого ыза болгон. Экинчи ызасы ал бала үйүндө атасыз өскөн. Ата-энеси эрте ажырашып кетишкен. Ал эми үчүнчүдөн посто кароолдо турганда пропарщик ага уставдын негизинде эскертүүлөрдү берген. Жоокерге бул эскертүүлөр кошул-ташыл болуп, ошол жерден автоматын алып качып кетет. Аскер аянтынан тышка чыгып өзүн атып алган” – деди министр.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Асланбек Малиев Коргоо министринен тарта командирлер жумуштан кетиши керек деген талапты койду.

Апасы ыйлап Коргоо министринен тарта командирлерге чейин жумуштан кетиши керек деп жатат. Укугу жок иштегени дейт. Буга эмне дейсиз?”-деп суроо салды.

Ошол эле маалда министр Бекболотов Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы, президент Садыр Жапаров жумуштан алуу чечимин кабыл алса, кетүүгө даяр экенин кошумчалады.

Ал арада депутат Малиев моралдык жактан иштөөгө укуңуз барбы деп собол таштады эле, министр күнөөсү бар экенин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Кат жазып кеткен: Министр эки жоокердин өлүмүнүн себебин айтты

Exit mobile version