Site icon Reporter.kg

«Жөргөмүш кишинин» айынан айдоочуга айып салынды (видео)

Жалал-Абадда ээнбаш жүргүнчүнүн айынан айдоочуга айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, буга чейин соцтармактарга «жөргөмүш кишинин» беткабын кийген жүргүнчү «Лексус» унаасынан  тулку боюн чыгарып баратканы тартылган видео тараган.

Жол тескөөчүлөрү унаанын айдоочусун таап, ага 16 миң сом айыппул салышкан. Ошондой эле унаасы айып короого коюлган.

Exit mobile version