ЖОЖ жана колледждерде жаңы окуу жылы онлайн форматта башталат

ЖОЖ жана колледждерде жаңы окуу жылы онлайн форматта башталат

Кыргызстандагы жогорку жана орто окуу жайларда жаңы окуу жылы онлайн форматта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган министрлик Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктерин азайтуу максатында жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда (менчигинин түрүнө карабай) аралыктан билим берүү тууралуу чечим чыгарды.

«Окуу процесси автоматташтырылган маалыматтык системасы, ZOOM, Google classroom, MOODLE, Academic Affairs маалыматтык системалары, ошондой эле Whatsapp, Skype, электрондук почтанын, өздүк электрондук китепканаларынын ресурстарын, Кирлибнет электрондук китепканасынын ресурстарын колдонуу менен онлайн форматта уюштурулат. Азыркы учурда ЖОЖ жана колледждердин окутуучулары үчүн методикалык жана техникалык колдоо уюштурулду», — деп жазылат маалыматта.

Министрлик 17-августтан онлайн окутууга даярдык боюнча сунуштамаларды вебинар аркылуу ЖОЖ жана колледждердин өкүлдөрүнө тааныштырат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>