Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев аймактарда квалификациялуу адистердин жетишсиздигин айтып чыкты.
Анын пикиринде, маселени чечүү үчүн студент бюджеттик негизде окууга киришерден мурун, Министрлер кабинети студент менен бир нече жыл аймактарда иштей турганы тууралуу келишим түзүшү керек.
«Мисалы, 20 миң калкы бар Майлуу-Суу шаарында тажрыйбалуу акушер-гинеколог жоктуганан, кош бойлуу аялдар Кочкор-Ата, Масы же Жалал-Абадга барууга аргасыз», — деген депутат студенттер мамлекеттин эсебинен окуп, чет өлкөлөргө иштеп кетип жатышканын айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз