Site icon Reporter.kg

ЖРТ 2025: Алтын сертификаттардын ээлери аныкталды (тизме)

Агартуу министрлиги 2025-жылдын жалпы республикалык тестирлөөсүнүн жыйынтыгы боюнча «Алтын сертификаттардын» ээлеринин тизмесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, бул жылы эң көп 242 баллды Бишкек шаарындагы № 70 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов алды.

Андан кийин 240 баллды Жалал-Абад шаарынын “Лайт-Академия” орто мектебинин бүтүрүүчүсү Медина Мухаммадова алды.

Үчүнчү орунда 236 балл менен борбор калаанын № 48 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Тагай Макешов турат.

Мындан тышкары төмөндөгү бүтүрүүчүлөр алтын сертификатка илиништи.

Министрлик ЖРТнын үчүнчү этабынын жыйынтыгына жараша бул тизме толукталышы мүмкүн экендигин билдирди.

Exit mobile version