Жумабеков депутаттарга: бет кап кийбесеңер айып пул төлөйсүңөр – видео

Жумабеков депутаттарга: бет кап кийбесеңер айып пул төлөйсүңөр – видео

Төрага Дастан Жумабеков парламент жыйынында залдагы депутаттарды бет кап кийип олтурууга чакырды.

Ал кесиптештерине кайрылып, бет кап кийбегендерге айып пул салынарын эскертип өттү.

“Урматтуу депутаттар бет кап кийип отрусаңыздар, бул коомдук жай. Мыйзам бар, коомдук жайда бет кап кийбегендерге айып пул салынат. Сиздерге айып пул келип калбасын. Бул мамлекеттик орган, мыйзамды сыйлап, бет кап тагып олтуруңуздар. Биз башкаларга үлгү болушубуз керек”, — деди ал.

3-апрель күнү санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандарга карата катаал чара колдонуу боюнча Жоруктар кодексине өзгөртүүлөр киргизилген.

Ага ылайык, санитардык нормаларды бузуп, бет капсыз жүргөндөргө 1000 сомдон 5000ге чейин айып салынат. Ал эми карантиндик эрежелерди бузгандарга 1000 сомдон 180 миң сомго чейин айып пул салынат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>