Жумабеков: Коронавирустан улам парламенттик шайлоо жылдырылышы мүмкүн

Жумабеков: Коронавирустан улам парламенттик шайлоо жылдырылышы мүмкүн

Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоо башка күнгө жылышы мүмкүн. Бул тууралуу спикер ДастанЖумабеков “Спутник” радиосуна берген интервьюсунда айткан.

Ал белгилегендей, бардыгы күздөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болот.

Жогорку Кеңештин төрагасынан  айтымында, кандайдыр бир массалык иш-чараларды, анын ичинде шайлоолорду өткөрүү өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга түздөн-түз көз каранды.

“Өзгөчө кырдаал Конституцияда белгиленген. Анда Парламенттик шайлоо өткөрүлбөй турганы жазылган. Эгер күзүндө кырдаал начарлап кетсе жана Өзгөчө абал киргизилсе, анда шайлоо кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Биз бардыгыбыз санитардык нормаларды сактап, коронавирусту тез арада жеңип чыгуу  үчүн күрөшүүбүз керек”, — деген Дастан Жумабеков.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>