Жумабеков премьер-министрге: коронавирустун экинчи толкунуна даяр туруңуз – видео

Жумабеков премьер-министрге: коронавирустун экинчи толкунуна даяр туруңуз – видео

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, коронавирустун экинчи толкунуна даяр турууга чакырды. Бул тууралуу ал парламенттин 21-майдагы жалпы жыйынында сүйлөгөн.

“Алдыда эмнелер күтүп жатканы белгисиз. Эксперттер күзүндө же кышында көбөйүп кетиши мүмкүн экенин айтып жатышат. Ошого бюджеттен каржы маселесинде запас кармасаңыздар.  Практика дагы экономика жана медицина жагынан кыйналганыбызды көрсөтүп койду”, — деди төрага.

Белгилей кетсек,  22-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1350 адамдын анализинен  табылган.  Алардын ичинен 14 бейтап кайтыш  болсо, 949 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>