Жумабеков Түркиянын президенти менен 15-июль окуяларынын курмандыктарын эскерүүгө катышты (фото)

Жумабеков Түркиянын президенти менен 15-июль окуяларынын курмандыктарын эскерүүгө катышты (фото)

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Анкарада Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен 15-июль окуяларынын курмандыктарын эскерүүгө арналган иш чарага катышты. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Мындан үч жыл мурда Түркия Республикасында төңкөрүш аракети жасалып, Анкара шаарында 250дөн ашуун адам каза тапкан.  

Эскерте кетсек, кечээ, 15-июлда Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын Түркиядагы расмий иш сапары менен кетишкен. Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>