Site icon Reporter.kg

Жуманазарованын машыктыруучусу Чынарбек Изабеков дүйнө чемпионатында күмүш утту

Кыргызстандын балбан Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш утту.

Изабеков 51-56 жаштагы балбандар арасында 100 кг салмакта күч сынашты.

Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, катары менен монголиялык, израилдик жана латвиялык спортчуларды жеңип, финалга чыккан.

Алтын байге үчүн Изабеков бейтарап туунун алдында күрөшкөн Александар Румин менен күч сынашып, 0:2 эсебинде жеңилди. Натыйжада ал күмүш байгенин ээси болду.

Белгилей кетсек, Изабеков 2015-жылдан бери дүйнө чемпионатына катышып келет. Андан бери ал бир да ирет дүйнө биринчилигинен байгесиз кайткан эмес.

Буга чейин ал ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигин 4 жолу жеңип, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон (2015, 2016, 2021, 2022-жылдар). Андан тышкары дүйнө чемпионатында 2 жолу күмүш (2017, 2019-жылдар), 2 ирет коло байге (2018, 2023-жылдар) уткан. 2020-жылы коронавируска байланыштуу дүйнө биринчилиги өткөрүлгөн эмес.

Чынарбек Изабеков — балбан кыз Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу.

Exit mobile version