Site icon Reporter.kg

Жумгал эли: Садыр Жапаровко чейин барып, эл көтөрүлүш керек — видео

11-мартта Жумгал районунда эл менен жолуккан Өкмөт өкүлдөрүнө карапайым калк ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда.

Эл менен жолуккан Өкмөт өкүлдөрү жолдорду оңдоону жол тейлөө бөлүмүнө тапшырганын билдиришкен. Аймактын тургундары алардын мындай жоопторуна нааразычылыгын билдиришип, кур убада бергенди токтотууну талап кылышкан.

“Министрликтен келген булар жыргатпаган жол тейлөө бөлүмү эч нерсени өзгөртпөйт. Булар келе жатканда Жумгал совхозунан тосуп, кетип бара жатканда Жумгал совхозунан узатыш керек. Булардын башы оорубайт, себеби жол тандабастар менен жүрүшөт. Маселени чечишпейт, жөн гана Жумгал эли менен жолуктук деп баягы эле куру убадаларын беришип, колдорун булгалаган боюнча кетип калат. Бул маселени тез арада чечпесе жол тосконду улантышыбыз керек. Садыр Жапаровко чейин барып, Жумгал эли көтөрүлүш керек”, — деген эл алдына чыгып сүйлөгөн айыл тургуну.

Белгилей кетсек, 10-мартта Жумгал районуна караштуу Доскулу айылынын кире беришинде  жергиликтүү тургундар жолдорду оңдоо талабы менен нааразылык акциясын өткөрүп, жол тосушкан.

Exit mobile version