Site icon Reporter.kg

Жумгалда 14 күн мурун сууга аккан адамдын сөөгү табылды

Жумгалда Көкөмерен дарыясына агып кетип изделип жаткан 55 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

31-июль күнү издөө иштерине 24 куткаруучу жана 5 суучул тартылып, түштөн кийин маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал 17-июлдан бери изделип жаткан эле.

 

Exit mobile version