Жумгалда балык уулого кеткен эки адам изделүүдө

Жумгалда балык уулого кеткен эки адам изделүүдө

Жумгал районунун  Миң-Куш айылынын 42 жана 41 жаштагы тургундары балык уулоого кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Алар 5-июнь күнү Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча кайтып келишкен эмес.

Издөө иштерин жүргүзүүгө Жумгал райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган. Издөө улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>