Site icon Reporter.kg

Жумгалда мал кайтарууга кеткен ата-бала 10 күндөн бери табылбай жатат

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б. жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундарын издөө иши 19-октябрдан бери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-октябрда ӨКМдин 4 куткаруучусу, ИИМден 10 кызматкерлер, жергиликтүү тургундардан 14 адам издөөгө чыгышты.

«Изделип жаткан жарандар ушул жылдын 16-октябрь күнү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 номерине 19-октябрь күнү кабарланган. Куткаруучулар маалымат түшкөн күндөн тарта ИИМдин кызматкерлерине көмөктөшүп издөө ишин жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы азырынча натыйжа боло элек», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ӨКМ ири табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарда, бийик тоолуу аймактарда, тоолордо ошондой эле суу объектилеринде издөө иштерин атайы эреженин негизинде жүргүзүшөт.

Алгач аймак чалгындоого алынып, андан соң кошумча күч жана каражаттар тартылат. Мындан сырткары аба ырайы, сууда издөө ишинде суунун тартылышы жана башка шарттар эске алынат.

Буга чейин дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө чабал жүрүп жатканын туугандары айтып чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version