Жумгалда мектептин жаңы имараты колдонууга берилди — сүрөт

Жумгалда мектептин жаңы имараты колдонууга берилди — сүрөт

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган имараттын курулушу 2013-жылы башталган. Ал 225 орунга пландалган мектептин курулушунун жалпы сметалык наркы 62 миллион сомду түзүп, 41 миллион сому республикалык бюджеттен, ал эми 21 миллион сому Түрк гранты менен каржыланган.

Учурда аталган орто мектепте 31 мугалим эмгектенип, 300 окуучу билим алууда.

[su_image_carousel source=»media: 54812,54813,54814,54815″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>