Site icon Reporter.kg

Жумгалда сууга аккан 55 жаштагы адам изделүүдө

Жумгалда сууга агып кеткен 55 жаштагы адам изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ал Арал айылында Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен.

17-июль күнү  16 куткаруучу күүгүм киргенге чейин издөө иштерин жүргүзүшүп, кеч кирип кеткендиктен издөөнү токтотушкан. Бүгүн издөө иштери улантылууда.

иллюстрациялык сүрөт
Exit mobile version