Жумгалда сууга агып кеткен 55 жаштагы адам изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ал Арал айылында Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен.
17-июль күнү 16 куткаруучу күүгүм киргенге чейин издөө иштерин жүргүзүшүп, кеч кирип кеткендиктен издөөнү токтотушкан. Бүгүн издөө иштери улантылууда.
иллюстрациялык сүрөт