Site icon Reporter.kg

Жумуркта менен уруп: Орусиялык алып баруучунун Грузияга баруусу нааразычылык жаратты

Грузиянын радикалдык жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Тбилиси шаарына барган Познерге каршы акцияга чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, орусиялык теле алып баруучу Владимир Познер 87 жаш мааракесин белгилөө үчүн, 50гө жакын достору жана кесиптештери менен Тбилисиге учуп барышкан. Алар конгон мейманкананы көздөй жумурткалар ыргытылган.

Белгилүү болгондой, алып баруучунун Абхазия эч качан Грузиянын курамына кирбейт деген билдирүүсү жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан.

Акцияга чыккандар Познерди чыгарууну талап кылышкан. Грузиянын Ички иштер министрлиги ал АКШнын жараны экенин жана Грузиянын “Оккупация жөнүндө мыйзамын” бузбаганын, ага ылайык Абхазия менен Түштүк Осетияга Грузиянын борбордук бийлигинин уруксаты менен барууга болорун билдирген. Радикалдар менен полиция кагылышкан.

Ошондой эле Познер туулган күнүн өткөргөн мейманкананын ресторанына нааразы болушкан. Мындан улам, карантиндик чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн мекемеге айып пул салынары айтылат.

Белгилей кетсек, Абхазия 1992-1993-жылдардагы Грузия менен болгон согуштан кийин көз карандысыздык алган. 2008-жылы августта Грузия Түштүк Осетияга аскерлерин киргизип, аймакты көзөмөлгө алуу аракетин баштаган. Бирок, Орусиянын кийлигишүүсүнөн кийин грузин аскерлери кагылышуу болгон аймактан чыгарылган.

Exit mobile version