Site icon Reporter.kg

Жумушчуларын камсыздандырбаган компанияларга айыппул салына баштайт

Кыргызстанда жумушчуларын камсыздандырбаган компанияларга айыппул салына баштайт. Тиешелүү мыйзамга президент кол койгон.

Укук бузуулар кодексине кирген өзгөртүүлөргө ылайык «Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамын аткарбаган жарандарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул салынат.

Ушундай эле жаза «Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткарбагандар үчүн каралган.

Exit mobile version