Site icon Reporter.kg

Жумушка кеткен бойдон дайынсыз: Чүйдө Тимур Карагулов изделүүдө

Чүй облусунда 36 жаштагы Карагулов Тимур Джекшеналиевич изделип жатат. Бул тууралуу ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-августка милицияга арыз түшүп, анда Чүй айылынын 1986-жылы туулган тургуну Тимур Карагулов 27-июлда үйүнөн жумушка чыгып кеткен бойдон дайынсыз экени айтылган.

Белгилери: бою болжол менен 155-160 см., дене түзүлүшү орточо, өңү кара жумал, чачы кыска кара түстө, чекесинен жогору жакта чачы түшкөн, көзү
кара, мурду түз.

Кийген кийими: футболка кара-көк түстө, шорты кара-көк түстө.

Милиция Тимур Карагуловдун жүргөн жерин билгендер болсо  (03138) 5-82-89, 0702 77-74-08, 0552 99-20-25 телефон номурлары аркылуу маалымдап коюуну өтүнөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version