Бишкек мэриясынын жана президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн мурдагы аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков мас абалда унаа айдаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Мурдагы чиновник 17-июнда Бишкектин Манас проспектисинде мас абалда унаа башкарып бара жатканда токтотулган.
Садырбеков милициянын кайгуул кызматкерлерине орой мамиле жасап, сөгүнүп, алардын бирин «эртең жумуштан айрыласың» деп коркуткан. Анын коркутууларына карабай кайгуул кызматкелери Азиз Садырбековго протокол түзүп, унаасын айып короосуна койгон.