Site icon Reporter.kg

«Жунхай Дордой» базарында сувенирдик банкнотторду саткан соодагерлерге айып салынды

«Жунхай Дордой» базарында сувенирдик банкнотторду саткан соодагерлерге айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук банктын кызматкерлери милиционерлер менен бирге базарда текшерүү жүргүзүп, эки жерде «төлөм каражаты эмес» деген жазуусу бар сувенир сомдор сатылып жатканын аныктаган. Соода түйүндөрүнүн ээлерине Укук бузуулар кодексинин 304-беренесинин негизинде 5,5 миң сомдон, жалпы 11 миң сом айып салынган.

Улуттук банк «чыныгы сом экен» деп адамдардын чаташуусуна алып келе турган улуттук валютанын банкнотторунун сүрөттөрүн колдонууга болбой турганын, ал үчүн айып каралганын эскертет. Сувенирдик банкнотто «төлөм каражаты эмес» деген жазуу да административдик жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Exit mobile version