«Жунхай Дордой» базарында сувенирдик банкнотторду саткан соодагерлерге айып салынды

«Жунхай Дордой» базарында сувенирдик банкнотторду саткан соодагерлерге айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Улуттук банктын кызматкерлери милиционерлер менен бирге базарда текшерүү жүргүзүп, эки жерде «төлөм каражаты эмес» деген жазуусу бар сувенир сомдор сатылып жатканын аныктаган. Соода түйүндөрүнүн ээлерине Укук бузуулар кодексинин 304-беренесинин негизинде 5,5 миң сомдон, жалпы 11 миң сом айып салынган. Улуттук банк … Читать далее «Жунхай Дордой» базарында сувенирдик банкнотторду саткан соодагерлерге айып салынды