Жунусбеков: Нариман Түлеевге каршы митинг өткөрөбүз

Жунусбеков: Нариман Түлеевге каршы митинг өткөрөбүз

Эртең, 21-октябрда Бишкекте Нариман Түлеевге каршы митинг өтөт. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Төрөхан Жунусбеков Фейсбук баракчасына жазды.

«Урматтуу мекендештер, соттолгон коррупционер Нариман Түлеевди кетирүү митингине чакырабыз. Саат 10:00дө Мэриянын астына келиңиздер чыныгы патриот мекенчилдер”, — деп жазган активист.

Бүгүн, 20-октябрда Нариман Түлеев биринчи вице-мэр болуп дайындалган. Мэр Азиз Суракматов кызматтан кетип, мэрдин милдетин аткаруу Нариман Түлеевге тапшырылган.

https://www.facebook.com/torohan.junusbekov/posts/3649724601755263

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>