Журналист Үмүт Мукамбетова үй камагына чыкты

Журналист Үмүт Мукамбетова үй камагына чыкты

“Кабарлар” маалыматтык агентигинин жетекчиси  Үмүт Мукамбетова үй камагына чыкты.

Мындай чечимди кечээ, 24-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Ага ылайык, Үмүт Мукамбетова 23-апрелге чейин үй камагында болот.

Белгилей кетсек, 23-февралда УКМК Үмүт Мукамбетова 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган. Мекеме агенттиктин  жетекчиси Жазык кодексинин 203-беренеси менен (“Опузалап талап кылуу”) шектелип жатканын маалымдаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>