Site icon Reporter.kg

Журналист Болот Темиров камактан чыкты

Журналист Болот Темиров камактан чыкты. Бүгүн, 23-январь Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун алдынан журналисттер, укук коргоочулар жана активисттер тосуп алышты. Буга чейин милиция эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулаарын кабарлаган.

Темиров өзү соңку чуулгандуу иликтөө боюнча сотко бере турган болсо бардык материалдар бар экенинин, соттошууга даяр экенин билдирди.
Темировду күч кызматкерлери 22-январь түнү милиция кармап кеткен, компютерлерин алып кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев ал жана төкмө акын Болот Назаров маңзатка байланыштуу арыздын негизинде кармалышканын айткан. Милиция болсо  экөөнү тең бир иштин алкагында шектүү катары өтүп жатышканын маалымдаган.

Милиция Болот Темировду тил кат менен бошотту

Exit mobile version