Site icon Reporter.kg

Журналист Чынара Токонова каза болду

Журналист Чынара Токонова Бишкектеги ооруканалардын биринде 37 жашында каза болду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештерине таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, журналист 3-ноябрда экинчи жолу инсульт алып, ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын операцияны көтөрө албай турганын айтышкан.

Чынара Токонова акыркы кезде “Булан” институтунда иштеп жаткан. Ага чейин КТР, НТС, 5-канал, Санжыра радиосу ж.б. бир катар телеканал жана радиолордо эмгектенген.

Exit mobile version