Site icon Reporter.kg

Журналист Гүлжан Каримованын бөгөт чарасы өзгөртүлдү

Nazarnews  сайтынын жетекчиси Гүлжан Каримованын бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Журналист 15-январга чейин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, Гүлжан Каримова 16-ноябрда УКМКга сураккка чакырылып, ошол эле күнү 48 саатка камакка алынган. Анын кармалышына 2023-жылдын январь айында Facebook баракчасына жазган посту себеп болгон. Ал Кылмыш-Жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде диний кастыкты козутууга шектелүүдө.

18-ноябрда Биринчи май райондук соту Гүлжан Каримованы 1-декабрга чейин камакка алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version