Site icon Reporter.kg

Журналист Майрамбек Тойгонбаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жаш курагында оорудан улам каза болду.

Маркум бүгүн, 17-апрелде инсульттан улам көз жумган. Ал эми анын жакындары жана достору социалдык тармак аркылуу көңүл айтышууда.

Белгилей кетсек, Майрамбек Тойгонбаев 1987-жылы 29-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. Маркумдун артында 3 баласы калды.

«Репортёр» сайттынын эмгек жамааты кесиптешибиздин жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Exit mobile version