Site icon Reporter.kg

Журналист менен активист вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко беришти — сүрөттөр

Журналист Канышай Мамыркулова жарандык активист Самат Алиев менен биргеликте вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко беришти. Бул тууралуу Мамыркулова фейсбук баракчасына жазды.

«Самат Алиев экөөбүз Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковду 1-Май райондук сотуна бердик. Эл жана чек ара маселеси оюнчук эмес» , — деп жазган Мамыркулова.

Бишкекте кыргыз-Тажик чек арасы боюнча митингди Разаков «акчага уюштурулган» деп айткан. Анын бул сөзү коомчулукта талкууга алынган.

Exit mobile version