Site icon Reporter.kg

Журналист Жеңишгүл Тоголокова 44 жашында каза болду

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун журналисти Жеңишгүл Тоголокова каза болду. Ал 44 жашта болчу. Бул тууралуу кесиптештери билдиришти.

«Жеңишгүл Тоголокова 2020-жылы Коронавирус пандемиясы башталган учурда РДЧжМК борбордо иштеп, элдин саламаттыгын чыңдоого чоң салымын кошту.

Ооруларды алдын алуу багытында дарыгерлер менен элдин ортосунда көпүрө болуп берди. Байланышты бекемдөө максатында ден соолук тууралуу, массалык маалымат каражаттарына бир нече эфирлерди уюштуруп берчү. Бул жаатта журналисттер менен өтө тыгыз иш алып барган инсан. Ар бир берилген ишке өтө так жана берилгендик менен мамиле кылчу. Тилекке каршы ажалга айла жок демекчи, ден соолугуна байланыштуу арабыздан эрте кетти», — деп эскеришет кесиптештери.

Жеңишгүл Тоголокова 1978-жылы 10-майда Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.

Мурда өзүнүн айтканы боюнча учурунда бир топ массалык маалымат каражаттарында иштеген. Алар: «Азаттык», «Заман Кыргызстан», Кыргызстан Кызыл Жарым Ай коомунда ыктыярчы, ж.б телеканал, радиолордо кесиптик кызматын аркалаган.

Reporter.kg’нин жалпы жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

Exit mobile version