“Журналисттер” коомдук бирикмеси басма сөз кызматкерлерин окутуудан өткөрүүдө

“Журналисттер” коомдук бирикмеси басма сөз кызматкерлерин окутуудан өткөрүүдө

“Журналисттер” коомдук бирикмеси өлкөнүн түштүгүндөгү мамлекеттик мекеме ишканалардын басма сөз кызматынын өкүлдөрүн окутуудан өткөрүүдө.

“Радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга туруктуулукту күчөтүү” деген темада өтүп жаткан окутууга Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусу менен Ош шаардык мекеме ишканалардын басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышып жатканы айтылат.

Окутуунун биринчи күнүндө тренингдин темасына байланыштуу иш-чаралардан сырткары, катышуучуларга мультимедиалык аспаптарды колдонуу менен алар иштеген мекемедеги иш-чараларды социалдык тармактарда жеткиликтүү чагылдыруу боюнча сапаттуу контенттерди даярдаганды жана аларды кенен жайылтуу боюнча медиа тренерлер тажырыйбалары жана билимдери менен бөлүшкөн.

Экинчи күнү катышуучулар, басма сөз кызматтары өзгөчө кырдаал абалында кандай иш алып баруусу керек,  чыр-чатактарды басаңдатуу, пресс-релиз жана аны жазуу боюнча маалымат алышкан.

Окутуу Европа Биримдигинин каржылоосунун негизинде Internews уюму ишке ашырган “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга болгон туруктуулукту күчөтүү” аттуу долбоорунун алкагында, өтүүдө.

Окутуунун негизги тренерлери медиа эксперт, “Журналисттер” КБ мүчөсү Марат Токоев, медиа эксперт Асыл Осмоналиева жана “Журналисттер” КБ төрагасы Марс Тулегенов болгон.

Ал эми Икболжан Мирсаидов менен Азамат Талантбек уулу атайын темалар боюнча маалымат беришкен.
[su_image_carousel source=»media: 46876,46875,46874,46873,46872,46871″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>