Site icon Reporter.kg

Журналисттердин «Умтулуу-2024» сынагына материалдарды кабыл алуу башталды

Кыргызстандагы журналистика тармагындагы жыл сайын өтүүчү «Умтулуу-2024» сынагына материалдарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Internews билдирди.

Ага материалдар 30-сентябрга чейин кабыл алынат.

Интерньюс сынакка бардык медиа форматта даярдалган, сапаттуу журналисттик материалдардын авторлорун сыйлайт. Материалдар төмөнкү темаларда болуусу керек: «Коомдук кызыкчылык», «Тынчтык жана ынтымак”,  «Балалыкты коргоо»,  «Айлана-чөйрөнү коргоо» «Маданият жана агартуу» «Аракеттү инсан».

Сынактын лауратын атайын комиссия аныктайт.

Ага медианын түрүнө карабастан 2023-жылдын 1-январынан 2024 -жылдын 31-августуна чейинки (1жыл 8 айлык) аралыкта биринчи жолу жарыяланган журналисттик материалдардын авторлору катыша алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Exit mobile version