Site icon Reporter.kg

Жыл башынан бери казинодон бюджетке 129 млн сом түштү

Январь-июль аралыгында казинолордон бюджетке 129 миллион сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Июль айында 21,6 миллион сом салык төлөнгөн.

Жалпы оюн-зоок компанияларынан түшкөн киреше 136 миллион 88 миң сомго жетти.

Финансалык көзөмөл агенттиги дагы бир казиного жана бир нече онлайн-казиного лицензия берди.

Юстиция министрлигинин сайтында 18 казинонун жетөө акыркы 2 жыл ичинде каттоодон өткөн.

Exit mobile version