Кыргызстанда жыл башынан бери кумарканадан 46 млн 350 миң сом салык түштү. Бул тууралуу «Акчабар» порталы Каржы министрлигинин быйылкы 8 айдагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетуна таянып жазды.
Букмекер кеңселери жана тотализатор оюндарынан 1 млн 400 миң сом салык чогулган.
Өлкөдө кумарканалардын ишине 2012-жылы салынган тыюу 2022-жылы алынган. Мыйзам боюнча кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдиктер казинолорго киргизилбейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз