Site icon Reporter.kg

Жыл башынан бери Кыргызстан 96 миң тонна айыл чарба продукциясын экспорттоду

Ушул жылдын январь-март айларында өлкө тышына 96 миң тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, төмөнкү жашылчалар чет өлкөлөргө экспорттолгон:

Мындан тышкары төө буурчак – 12,4 миң тонна, жаңгактар – 8,7 миң тонна, жемиштер – 13,6 миң тонна сыртка чыккан. Ал эми кургатылган жашылча-жемиштерден жалпы 41,2 тонна экспорттолгон.

Ошондой эле, жалпы 5,7 миллион даана гүл, мөмөлүү жана декоративдүү көчөттөр тышка чыгарылган.

Министрлик бул продукциялар толугу менен карантиндик-фитосанитардык көзөмөлдөн өткөрүлгөнүн билдирди.

Exit mobile version