Site icon Reporter.kg

Жыл башынан бери кызамыктан 9 адам көз жумду

Жыл башынан бери өлкө боюнча кызамык менен ооругандардын саны 6 миң 102ге жетип, 9 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кызамыктан көзө жумгандардын алтоо бир жашка чейинки ымыркайлар болгон. Алар жашы жетпегендиктен эмделген эмес.

Кызамык оорусу төмөнкү аймактарда катталган:

Министрлик ооругандардын 94%ы эмделбеген жарандар экендигин билдирди.

«Кызамык боюнча эпидемиялык кырдаалга жооп катары, өлкө боюнча 9 айдан 7 жашка чейинки 906 миңден ашуун балага эки этаптуу иммунизация жүргүзүлгөн. Бирок, карабастан, кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдөн баш тартуу деңгээли жогору бойдон калууда»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version