Министрлер кабинети мамлекеттик органдардын жана аймактын администрациялардын жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды.
Анда 7 мамлекеттик орган эң жакшы баа алып, «отличник» болушту.
Алар: Айыл чарба министрлиги, Экология министрлиги, Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Транспорт министрлиги жана Билим берүү министрлиги.
“Жакшы” мекемелер — Мамкурулуш, Эмгек министрлиги, Финансы министрлиги, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустары жана Бишкек шаары.
«Үчкө» иштеген мекемелердин саны үчөө. Алар: Экономика министрлиги, Ош жана Ысык-Көл облусу.
Дагы үч органдын иши “канааттандырарлык эмес” деп табылды. «Экичилер»- Саламаттыкты сактоо министрлиги, Маданият министрлиги, Талас жана Баткен облустары.
Жарым жылдыкта 3 баллдан аз алган мамлекеттик органдар киргизилген эмес.