«Жылаңач сүрөттүңдү чыгарам». Ошто жаш келинден акча талап кылышкан

«Жылаңач сүрөттүңдү чыгарам». Ошто жаш келинден акча талап кылышкан

Ош шаарында «жылаӊач сүрөттүӊү туугандарыӊа жөнөтөм» деп акча талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-мартта Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата «опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө жүрүүдө.

Маалым болгондой, кармалган адам 2020-жылдын октябрь айында өзүнүн таанышы 1995-жылы туулган келин менен өз ара урушуп кеткен соӊ “акыркы жолу бир жолугуп алалы” деп аны алдоо жолу менен чакырып, унаасына отургузган соӊ бычак такап коркутуп, Ош шаарынын мейманканаларынын бирине алып келген. Андан соӊ бычак менен “өлтүрөм” деп коркутуусун улантып, жылаӊач чечиндирип өзүнүн телефонуна тартып алган.

“Жабырлануучу намыстанып колдору менен бетин жапкан учурда күч менен колун жүзүнөн алып, сүрөткө жылаӊач тарткан. Андан соӊ “эми мага жакын арада 50 миӊ сом акча таап бересиӊ, болбосо бул сүрөттү ата-энеӊе, жакындарыӊа жөнөтүп, интернетке чыгарам деп акча талап кыла баштаган”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам, жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. 5-мартта шектүүнүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралары айтылат.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>