Жылдык маяна 126 миң доллар! Антарктикада иштөөгө жумушчу керек

Жылдык маяна 126 миң доллар! Антарктикада иштөөгө жумушчу керек

Австралиянын антарктикалык бөлүмү 2020-2021-жылга Антарктикада иштөөгө жумушчу издеп баштады. Бул тууралуу “Спутник Беларус” басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, жумушчунун 1 жылдык маянасы 126 миң долларды түзөт.

Компания жумушчуларга атайын талап койгон эмес, каалоочулар бардык жумуштарды жасай бериши мүмкүн.  Антарктикада иштөөнү каалагандарды,  ишке жөндөмдүүлүгүн  жана Антарктиканын катаал шарттарында иштөөгө даяр экендигин аныктоо менен  кабыл алышат.

Жумушка кабыл алынгандардын күнүмдүк жашоосуна кеткен чыгымдарын компания өз мойнуна алган.

Каалочулардын документтери 2020-жылдын 23-январынан баштап кабыл алына баштайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>