Жылдыз мырзалар Валентинде сүйүктүүлөрүнө эмне белек беришет?

Жылдыз мырзалар Валентинде сүйүктүүлөрүнө эмне белек беришет?

14-февраль Валентин күнү. Сүйүшкөндөр бири-бирине сүйүүсүн бекемдөө үчүн белек беришип, ал эми көптөн бери сыртынан жактырып жүргөндөр ушул күнү жактырган адамдарына кат аркылуу сезимдерин билдиришет.

Мусулманчылыкта Валентин майрамын майрамдоого болбойт дешсе, кээ бирлери бул 14-февраль сүйүү күнүн өзгөчө майрамдап өткөрүшөт. Reporter.kg жылдыз мырзалар сүйүктүүлөрүнө кандай белек тартууларын сурап көрүштү.

Бүгүн сүйүү күнүндө жубайыңызга эмне белек бересиз?

— Ильяз Абдыразаков бул күнү Нарында концерт коюп, күйөрмандарынын жан дүйнөсүнө музыка тартуулайт.

— Гүлжигит Сатыбеков жубайына сүйүү күнүнө өзүм белекмин деп жагымдуу билдирүү калтырды

— Жонни каймана аты менен таанымал ырчы мырза сүйүктүүсүнө алтын цепочка жана «духи» белекке берет.

— Урмат Усенов: «Биз бул майрамды майрамдайбыз. Биз үчүн күнүгө Махабат майрамы».

— Бахтияр Токторов болсо, сүйүү күндөрү Египетте жубайы экөө эс алып жүргөнүн айтты.

Эскерте кетсек, 14-февраль Ыйык Валентин күнү деп жарыяланган. Батыш Европада Валентин күнү 14-кылымда, АКШда 1777-жылдан баштап кеңири белгиленип баштаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>