Site icon Reporter.kg

Жылдызкан Жолдошева суракка келип, суралбай чыкты

Бул туурасында Жылдызкан Жолдошева “Супер.kg” сайтына билдирген. Жолдошева бүгүн саат 14:00 гө милицияга чакырылганын, бирок, милиция кызматкерлери мыйзамдардагы бир катар талаптарды аткара албагандыктан сурак берүүдөн баш тартканын төмөндөгүдөй түшүндүрүптүр:

» Биринчиден, мыйзам ченемдүү иш алып барабыз десек, кайрылууну жеке президенттин атына жазылгандан кийин анын колу, резолюциясы менен ички иштер министрине келип түшүшү керек. Министр тергөө башкы башкармалыгынын жетекчисине жөнөтүп, ал тергөөчүгө жөнөтүшү шарт эле. Ошол катты көрсөткүлө десем, көрсөтө алышпай койду. Экинчиден, ошондой резолюциядан түшүп келген кат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталышы керек. Аны дагы талап кылсам, көрсөтө алышпай койду. Ошон үчүн мен сурак берүүдөн баш тарттым. Мыйзам ченеминде иштейли десек, мыйзамдын так аткарылышын талап кылуу зарыл», — дейт ал.

Маданият ишмерлери тарабынан президент Садыр Жапаровдун наамына кайрылуу жасап, анда бийликтип басып алуу боюнча кооптонууларга токтолуп, айрым саясатчылардын атын атаган.

Exit mobile version