Жыпар Жекшеев көз карандысыз мамлекеттин кайра жаралуусуна өзгөчө салымын кошкон – некролог

Жыпар Жекшеев көз карандысыз мамлекеттин кайра жаралуусуна өзгөчө салымын кошкон – некролог

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Жыпар Жекшеевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон жогорку бийлик жетекчилеринин жана коомдук ишмерлердин атынан көңүл айтуу каты жарыяланды.

Анда Жыпар Жекшеевдин  өлкөдөгү демократиялык институттардын калыптанышына жана өнүгүшүнө активдүү катышкандыгы жана маданияттын өнүгүүсүнө салымын кошкондугу баса белгиленген.

Жыпар Жекшеев өткөөл мезгилдеги демократиялык институттардын түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн башатында турган демократ саясий жана коомдук ишмерлердин бири катары замандаштарынын эсинде калды. Анын басып өткөн өмүр жолу эркиндикке умтулган жарандын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот. Ал Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна, демократиялык процесстердин тереңдешине чоң салым кошуп, «Ашар» менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде 3 китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицистикалык макалаларды жарыялаган.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына, аны тааныган, сыйлаган замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.”, ­– деп жазылат көңүл айтуу катында.

Жыпар Жекшеевич Жекшеев 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн.

1971-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп, 1988-жылы Мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Жыпар Жекшеев башка активисттер менен бирге Кыргызстандагы кайра куруу жылдары пайда болгон демократиялык уюмдардын түзүлүшүнүн башатында турган. 1989-жылы Кыргызстандагы туңгуч демократиялык уюмдардын бири болгон «Ашар» козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылынын теңтөрагалыгына шайланган. 1991-жылы Кыргызстандагы ГКЧПга каршы коомдук чукул штабдын жетекчиси болгон.

1993-жылы Жыпар Жекшеев «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясын негиздеп, анын Саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Жыпар Жекшеев 1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2005-жылдын 24-мартындагы саясий окуялардан кийин Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.

2007-2009-жылдары Жыпар Жекшеев Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы болуп иштеген. 2017-2019-жылдары ал КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеген.

Мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>