Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазды

Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазды

Жыпар Жекшеев Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазды.  Бул тууралуу “Репортерге” өзү ырастап, каналды коомдук кылуу колунан келбей койгонун айтты.

“Мени үч жолу Байкоочу кеңештин төрагалыгына шайлашты. Бул өзү туура эмес болгон. Бир адам кайра-кайра шайлана берсе өзгөрүү болбойт экен. Мен Жогорку Кеңеште отчет берип жатканда да бул боюнча өзүмдүн оюмду айткам. Телеканалдын коомдук болбой жатышына бир катар тоскоолдуктар болду. Мен коомдук кылайын дегем бирок колумдан келбеди, кыйналып кеттим”, — деди ал.

Жыпар Жекшеев Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин башчылыгына үчүнчү мөөнөткө  ушул жылдын июн айында шайланган.

Байкоочу кеңешке 15 адам беш жылдага мүчө катыры тандалат. Ал эми төрагасы жыл сайын шайланып турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>