Site icon Reporter.kg

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки тестиер кыздын бири табылды

Бүгүн, 25-май күнү Түп районуна караштуу Михайловка дачасындагы Жыргалаң суусунун сол тарабынан 2016-жылы туулган Т.С. аттуу кичине кыздын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылды.

ӨКМден билдиришкендей, жеринде экинчи кызды издөөгө ӨКМден 11 куткаруучу, 4 суучул, жергиликтүү тургундар чыгышкан.

Эскерте кетсек, 18-май күнү Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version