Site icon Reporter.kg

Жыргалбек Шаршембиев Талас мамлекеттик университетин жетектейт

Талас мамлекеттик университетинин ректору кызматына Жыргалбек Шаршембиев дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-августта Талас мамлекеттик университетинин ректорунун бош кызмат ордуна сынак жарыяланып, тандоонун жыйынтыгы менен Жыргалбек Шаршембиев окуу жайдын жетекчилигине келген.

Дайындоо тууралуу буйрук 7-сентябрда чыккан.

Жыргалбек Шаршембиев

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version