Site icon Reporter.kg

Жүрөк хирургиясы институтундагы өрттүн айынан наристе жана өспүрүм каза болгон

Кечээ, 11-февралда Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунда чыккан өрттүн айынан каза тапкандардын бири наристе, экинчиси өспүрүм болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, маркум наристеге 1 жаш 7 ай, өспүрүм 16 жашта болгон. Алар операциядан кийинки бейтаптар болуп, өрт башталганда Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө которулган. Дарыгерлердин аракетине карабай көз жумган.

Саламаттык сактоо министри Каарманбек Байдавлетов ММКларга билдиргендей, эвакуация болгондон кийин аталган эки бейтап керектүү жабдыкка кошууга жетишпей калганынан көз жумган.

Өрт учурунда аталган мекемеде жалпы 104 адам, анын ичинде 50 бейтап (19у бала), 32 багуучу жана 22 кызматкер болгон. Алар эвакуацияланып, 31 бейтап башка ооруканаларга которулган. Анын ичинен Улуттук кардиология жана терапия борборуна 15 бейтап которулуп, алардын ичинен 11 киши (төртөө жаш бала) реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Төрт баланын экөөнүн абалы өтө оор. Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Өрттүн айынан 9 адам иске ууланып, ооруканага түшкөн. Алардын ичинен жетөө Жүрөк хирургиясы институтутунун медицина кызматкерлери жана экөө бейтаптарды карагандар. Төрт медицина кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Үчөөнүн абалы орточо жана туруктуу. Алар тез жардам клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүндө жатат.

Эскерте кетсек, 11-февралда болжол менен саат 21:00дарда Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунда өрт чыккан. Тилсиз жоо саат 22:33тө чектөөгө алынып, 23:15те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн айына эки киши каза болгону кабарланган.

Кардиохирургия институтунан чыккан өрттүн айынан эки адам көз жумду

Exit mobile version